Балыкчы шаарында 9-июнда балдар ойноп жаткан батут катуу шамалга туруштук бере албай оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 3 жаштагы кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү, анын эжесинин буту сынган.
Саат болжол менен 13:00 чамасында төрт бала ооруканага жеткирилген. Анын ичинде 2016-жылы туулган кыз жана анын 2014-жылы туулган эжеси да бар. 2014-жылы туулган кыздын оң буту сынган, анын акыбалы канааттандыраарлык деп сыпатталууда. А кичүү кыздын акыбалы оор, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Бишкектеги балдар ооруканасынан дарыгерлер чакыртылган, алар текшерүүдөн кийин кызды борборго акыбалы жакшыргандан кийин алып кетүүнү айтышкан.
Дагы эки бала дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү.