2019-жылдын май айынын башында ички иштер органдарына Баткен облусунун жашоочусу кайрылып, алдамчылык жолу менен материалдык зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Арызда 2018-жылы жогоруда көрсөтүлгөн жаран жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, жалпы суммасы 76 000 сомдук алтын жасалгаларын алып, андан соң азаркы күнгө чейин изин жашырып жүргөндүгүн билдирген.
Топтолгон материалдардын негизинде аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.
Андан сырткары, ички иштер органдарына Кадамжай районунун жашоочусу алдамчылык фактысы боюнча мыйзамдуу чараларды көрүп берүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Арызда, 2014-жылы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо менен жабырлануучунун 350 000 сомдук акча каражатын алып, ушул күнгө чейин акчадан дагы жок же товардан дагы жок экендигин көрсөткөн. Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.
ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар алдамчылык иш-аракеттерин жасоого шектелген жарандын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Жакында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн фактыларга шектелип Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочусу, 1963-жылы туулган З.А. аттуу жаран кармалды. КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча жогорудагы жаран УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.