Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Литванын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

 

Келишим шарттарына ылайык, жарандар бул өлкөлөрдүн аймактарда виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат.

 

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, азыркы кезде отузга жакын өлкө менен ушундай келишим түзүлгөн.