Бишкекте   Nissan жана  Mercedes үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып кетти. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматтан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, кырсык 3-июнда түнкү он бир чамасында болгон.

 

Nissan автоунаасынын айдоочусу Карасаев көчөсүндө чыгышты көздөй бет алып келатып, Жукеева-Пудовкина көчөсүнүн кесилишинде жүргүнчү ташуучу  Mercedes кичи автобус менен кагышкан. Жыйынтыгында, төрт адам жабыркады, алардын экөө жаш балдар.