Экс-башпрокурор Аида Салянова камактагы шартка даттанган жок. Бул тууралуу кыйноолорго каршы Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди. 

 

Эске салсак, Салянова мыйзамдагы ууру Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган. 

 

Сулаймановдун айтымында, борбордун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайдагы экс-башпрокурорго барып жолугушушкан. Салянованы терапевт келип көргөн, тез жардам бригадасы келген, кардиограмма алынган. Экс-башпрокурор учурда суук тийип ооруп жатканы анык, бирок өмүрүнө кооптуулук туудура турган эч нерсе жок. 

 

Биринчи май райондук соту бүгүн анын баш коргоо чарасын карайт.