Баткен облусунун Лейлек районунда жергиликтүү тургундар Исфана-Андарак жолун тосушту. 

 

Аймактык ИИБден билдиришкендей, алар ижарага алынган жерге үй курган тажик үй-бүлөдөн үйдү бузууну талап кылышкан. 

 

Мындан улам 3-июнда жаралган конфликттен кийин Искра айылында эки улуттагы эл чогула баштаган. Ички иштер башкармалыгы жана жергиликтүү бийлик калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Кыргыз улутундагы адамдар ижарага алынган жерге үй салган тажик жаранынын үйүн бузганга аракет кылышып, бирок милиция токтотуп калган.