Өлкөдөгү коомдук коопсуздукту камсыздоо менен алектенишкен милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын аянттарында жана көчөлөрүндө ШКУнун Саммитин даярдоо жана өткөрүү маалында массалык акцияларды, митингдерди, пикеттерди, демонстрацияларды жана жөө жүрүштөрдү өткөрүүнү болтурбоо үчүн коомдук уюмдарга, кыймылдарга жана жарандарга менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

 

Биринчи май райондук сотунун чечими менен 1-июндан 20-июнга чейин бардык каршылык акциялары менен митингдерди Бишкек шаарынын М. Горький атындагы эс алуу бакчасынын аймагында гана өткөрүү сунушталды. Аталган чечим, жогорку деңгээлдеги иш-чараны өткөрүү үчүн азыркы учурда шаардын борбордук көчөлөрүндө жашылдандыруу жана ирээтке келтирүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгына байланышкан.