Бүгүн, 4-июнда Бишкекте “Кан тапшырып, өмүрдү сактап кал” деген аталыштагы  акция өткөрүлөт. Маалым болгондой, аны «Help the children — SKD» коомдук фонду республикалык Кан борбору менен биргеликте уюштуруп жатат. 

 

Акция ушуну менен алтынчы жолу өткөрүлүүдө. Максаты – онкологиялык жана гематологиялык дартка чалдыккан балдарга жардам берүү үчүн донордук кан запастарын топтоо болуп саналат.

 

 

Аталган фонддун жетекчиси Елена Коневанын айтымында,  канды каалаган адам паспортун алып келип, тапшыра алат, эгер дарыгер тарабынан тыюу салуу болбосо. Кан тапшырган адамдар инфекцияга бекер анализ да тапшырышат.

 

Акция саат 9дан 14.30га чейин Hyatt мейманканасында өтөт.