8-июнда КСДП 8-июнда митинг уюштураарын аталган партиянын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.
Айтымында, тынчтык митинги «Форум» имаратынын алдында өтөт жана анда бийликке талаптар айтылат. Митингге экс-президент да катышат.
Маалым болгондой, митингчилер койгон талаптар:экс-премьер-министр Сапар Исаковду боштондукка чыгаруу, экс- мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун негизсиз кылмыш иштерин токтотуу болмокчу.
Ошондой эле УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевдин бошотулушу да көңүл сыртында калбайт.