Кечээ, 3-июнда, экс-башкы прокурор Аида Салянова мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында камакка алынганы айтылууда. 

 

Маалыматтарга караганда, Салянованы ИИМ кызматкерлери камакка алышкан. Бирок, анын кичинекей кызы бар болгондуктан, үй камагына чыгарылышы мүмкүн. 

 

Эске салсак, Азиз Батукаев жаза мөөнөтүн толук өтөбөй туруп эркиндикке чыгарылган учурда Аида Салянова өлкөнүн башкы прокурору кызматында турган. Быйыл бул кылмыш иши жанданып, ага ылайык 2013-жылдагы бир катар жооптуу кызматтын ээлери камакка алынды. 

 

Аида Салянова кийинчерээк Батукаевдин бошотулушу боюнча пикирин билдирип жатып, бул иште прокуратура тийиштүү аракеттердин баарын жасаганын айткан. 

 

"Мен баарын так эстей албайм. Бирок, прокуратура тийиштүү аракеттердин баарын жасады. Прокуратура эреже бузуулардын болгонун аныкталаба да, соттор Кеңешине кайрылып, судьялардын аракетине баа берүүнү сунутаган. Бирок, ал жактан да эреже бузуу табылбады. Прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген", - деген ал. 

 

 

Аида Салянова буга дейре адвокат Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткандыгы үчүн жоопко тартылган. Соттун 2018-жылдагы чечими менен беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок,  үч жаштагы кызы 14 жашка чыкканга чейин сот өкүмүн аткаруу артка жылдырылган.