Кара-Суу районунун Сура-Таш айылында 13 жаштагы А. Нюдин асылган абалдагы сөөгү табылды. Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, кыз үйдүн короосундагы сарайга моюн орогучун байлап асынган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кыздын денесинен кыйноонун белгилерин табышкан эмес. Соттук-медициналык экспертизага берүүдөн ата-энеси баш тарткан. 

 

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз мектептеги классташтары менен чыр-чатакка барган эмес, үйдө да эч кандай уруш-талаш болбогон.