Депутат Исхак Масалиев мамлекеттик казынадан айлык алган кызматкерлердин маянасын шайлоо алдында көтөрүүнү токтотууну сунуштады. Ал мындай эрежени шайлоо мыйзамына киргизүү керек дейт. 

 

"Шайлоо алдында мугалимдердин, дарыгерлердин маянасын, пенсионерлердин пенсиясын жогорулатуу - бул админресурсту колдонуу болуп саналат. Биз буга тыюу салууну сунуштайбыз. Шайлоо алдында маяналарды көтөрүүнү токтотуу керек. Ар бир шайлоо алдында көтөрүшөт", - деди ал. 

 

Ошондой эле, студенттерди үгүт иштерине тартууга тыюу салууну да сунуштады.