Депутат Жанар Акаев депутаттык комиссиянын жыйынында өкмөт башчы Абылгазиевге анын бажасы Иманкадыр Рысалиев телефон чалган министрлер тууралуу сурады.
"Мен эч кимге менин атымдан сүйлөөгө уруксат бербеген. Эч убакта менин атымдан кызматтарды бөлүштүрүүгө барбайм", - деди өкмөт башчы.
Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны болду.