Мегакомдун директору Акылбек Жамангулов депутаттык комиссиянын жыйынында Иманкадыр Рысалиев менен болгон пикир келишпестигин түшүндүрдү.
Айтымында, Рысалиев тарабынан коркутуулар болуп жатканы боюнча арыз жазуудан баш тартканы кимдир бирөө менен жарашып алганын, же сүйлөшүүгө барганын билдирбейт.
"Депутаттык комиссиянын биринчи жыйынынан кийин Рысалиев менен жолуккан жокмун. Бирок, билдирүүм боюнча ага карата кылмыш иши козголгонун уктум. Ал кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине киргизилгенин да билдим. ИИМ кызматкерлери мени чакырышты. Арыз жазуудан баш тартканымдын себеби кылмыш иши козголуп калганы болду. Эч ким менен сүйлөшүү жүргүзгөн жокмун", - деди Жамангулов.
Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны болууда.