2018-жылдын 13-июлунда Башкы прокуратура КР Кылмыш кодексинин 189 – берене (коомдук соодалашуунун тартибин бузуу), 304-берене, 3-бөлүк, 1-пункту (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-берене 2-бөлүк, 3-пункт (атайылап пайдасыз келишим түзүү), 308-берене, 2-бөлүк, 2-пункт (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз иштетүү) жана 221-берене 4-бөлүк, 2-пункту (коммерциялык уюмдардын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын президенти А. Атамбаев жана Түрк Республикасынын президенти Р. Эрдогандын эки тараптуу жолугушуусунун жүрүшүндө Мамлекеттик Тарых музейинин оңдоого Түрк Республикасы тарабынан 15 миллион доллар гранттык каражат бөлүнөөрү макулдашылганын тергөө аныктады.
Аталган гранттык каражаттын 10 миллион доллары музейдин ичин, ал эми 5 миллион доллар сыртын жана музейге караштуу аймакты оңдоо иштерине жумшалмак болгон.
2015-жылдын 30-мартында премьер-министр Ж. Оторбаевдин №135 буйругу менен мамлекеттик кызматтарга Музейди оңдоо иштерин эл аралык кызматташтык боюнча Түрк администрациясы (ТИКА) көрсөткөн жардамынын негизинде ишке ашырууга көрсөтмө берилген.
Андан ары КР өкмөтү менен координация жана кызматташтык боюнча түрк агенттигинин ортосунда 2016-жылдын 24-мартында Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо тууралуу протокол түзүлгөн.
Бирок, 2017-жылы КР президенттик администрациясы түрк тарапка А. Атамбаевдин президенттик ыйгарым укугу аягына чыкканга чейин, тез арада Музейди реконструкциялап бүтүү талабын койгон. Түрк Республикасы өз кезегинде бул талаптан баш тартышып, оңдоо иштери үч жылдын ичинде гана соңуна чыгаарын айткан.
2016-жылдын 25-мартында премьер-министр Темир Сариев кол койгон №127 буйрукка ылайык, Музейдин оңдоо иштерин аягына чыгарууга акча каражатын табуу милдети Каржы министрлигине жүктөлгөн. Ал эми КР өкмөтүнүн алдындагы архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттиги Музейди реконструкциялоо боюнча тапшырык берүүчү болуп калган.
Андан ары өкмөттүн 09.06.2017 – жылдагы №221 жана 29-08.207-жылдагы №378 буйругуна ылайык, республикалык бюджеттен архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык Мамлекеттик агенттигине 700 000 000 сом капиталдык оңдоо иштерине жана 869 447 114 сом Музейге жабдыктарды сатып алууга бөлүнгөн, жалпы суммасы 1 569 447 114 сом.
Эсеп палатасынын 30.03.2018-жылдагы арадагы актысы боюнча төмөнкүлөр белгиленди.
Турак-жай-жарандык курулуш Департаменти Музейдин капиталдык оңдоо жана долбоорлоо боюнча иштеринин көлөмүн, суммасын жана мөөнөтүн аныктабай туруп “СМУ-3” ЖЧКсы менен келишим түзүп, КР “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” Мыйзамын бузган:
-15.05.2017-жылдагы №05\15 подряд келишими – 690 500 000 сом суммадагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө;
-12.09.2017-жылдагы Музейге 869 447 114 суммадагы жабдыктарды алуу үчүн кошумча макулдашуу.
Келишим милдеттерин аткарууда турак-жай-жаранды курулуш Департаменти аванс төлөмүн алууда келишим милдеттерин аткарууга кепилдик камсыздандыруу албай туруп “СМУ-3” ЖЧКсынын эсебине 1 520 309 404 сом которгон.
Аны менен катар, “СМУ-3” ЖЧКсы турак-жай-жарандык курулуш Департаменти менен эч кандай милдеттенме келишимдер жок болсо да музей жабдыктарын алып келүү жана аны сатып алууга акча каражатын бөлүү тууралуу чечим кабыл алынганга чейин 2017-жылдын 13-июнунда “Райер” немец компаниясы менен 8 890 321 евро (682 776 653 сом) баадагы жабдыктарды алуу үчүн келишим түзгөн.
Текшерүү маалында кийинки суммалар жабдыктарды алып келүүдөгү баалардын жогору көрсөтүлгөнүнөн улам келип чыкканы аныкталган:
А) Жеткирилген жабдыктардын тизмесин “Райер” компания түзгөн, жыйынтыгында музейдин Концепциясына туура келбеген 55 593 772 сомдук экспонаттар келген.
Б) “СМУ-3” ЖЧКсынын “Райер” немец компаниясы менен чет өлкөлүк валютада түзгөн келишиминин жыйынтыгында, курс айырмачылыгы ЕВРОнун курсунун жогорулашы менен 42 311 428 сомго жеткен.
Андан тышкары “СМУ-3” ЖЧКсынын эсептөө эсебиндеги калган каражаттарга - 8 млн. 420 миң. 983 сом камакка алынган.
Аталган эпизод боюнча, мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 101 690 800 сом.
Эсеп палатасынын комиссиясындагы аталган жыйынтыктарында 2 даана аттардын манекени 35,4 тыс. евро тураары концепцияга туура келбесин көрсөттү. Ал эми кофе жабдыгын орнотуу “Музей буюмдарын сактоо инструкциясына” туура келбейт. Андыктан кафетериядагы 241,1 миң евро баадагы эмеректер негизсиз алынган. 286, 1 миң сомго бааланган Манас образындагы 59 дарак сөңгөгү, подиум жана пастамент кошулган скульптуралык чыгарма да концепцияга ылайык эмес.
Музейдин кирүү залына (Атриум) концепцияга ылайык, “Манас” эпосу – кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасы” темасындагы экспозиция жаратуу болжолдонгон. Манастын образы скульптуралык чыгарамада чагылдырылмак. Боз үйдүн жарымы жаш балдар үчүн интерактивдүү аймак катары болмок. “Кыргызстандын Улуу Жибек жолундагы орто кылымдагы шаарлары” кабаттык карта вариант катары каралган. Бирок, “Райер” компаниясы өзүм билемдик менен 59 дарак сөңгөгү, подиум жана пастамент аралашкан инсталляция орнотуп койгон. Бул концепцияга ылайык келбейт.
Эсептөө палатасынын аудитинин арадагы актысына караганда, 2018-жылдын 14-июнунда эки полигран аттын баасы чыгашалар менен кошо эсептегенде 35 400 евро, же 3 504 448 сомду түзөт, кафетериянын жабдыктары жана эмеректери 241 100 евро, же 23 823 644 сом, 59 дарак сөңгөгүнөн турган инсталляциянын баасы 286 100 евро, же 28 266 680 сом. Жыйынтыгы: 55 593 772 сом.
2017-жылдын 29-июнунан 12-октябрына чейин “СМУ-3” ЖЧКсы А. Абдыкаров жана Ш. Атамбековдун көрсөтмөсү менен “Райер” компаниясынын эсептик эсебине 8 445 804,95 евро, же 684 421 362 сомду мыйзамсыз которгон. Жана жүктөрдүн бажы жасалгасына жана КНСке 2 031 973,79 евро же 165 036 911 сом төлөгөн, жыйынтыгында, 10 477 778,74 евро, же 849 458 273,19 сом. Булар 2017-жылдын 15-майындагы №05\15 келишимдин негизинде турак-жай-жарандык курулуш Департаментине келип түшкөн каражаттардан каржыланган.
Келишим кол коюлган учурдагы (13.06.2017, 1 евро – 76, 8053 сом) жана акча акыркы жолу которулган күндөгү (12.10.2017, 1 евро – 81, 6 сом) курс боюнча 4,8 сом айырмачылык келип чыккан, бул келишимде улуттук валюта эмес, евро мыйзамсыз белгиленгенинен жаралган. Жыйынтыгында, курс айырмачылыгы 42 311 428 сомду түзгөн.
Белгилей кетсек, бул кылмыш иши боюнча шектүү катары экс-премьер-министр Сапар Исаков отурат, ошондой эле президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева да бар.
Сапар Исаков КР Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен шектелүүдө, башкача айтканда атайын жасалган аракеттердин натыйжасындагы коррупция, бийликке ээ бир жана бир нече жооптуу адамдардын биргелешүүсү, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына коркунуч жараткан, оор кесепеттерди алып келүүчү материалдык жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу.
Мира Карыбаева КР Кылмыш Кодексинин 319-беренеси 2-бөлүгү менен шектелүүдө, башкача айтканда, атайын жасалган аракеттердин натыйжасындагы коррупция, бийликке ээ бир жана бир нече жооптуу адамдардын биргелешүүсү, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына коркунуч жараткан, оор кесепеттерди алып келүүчү материалдык жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу.