"Кыргызтелеком" мамлекеттик ишканасынын алдындагы "КТ Мобайл" компаниясынын жетекчисинин орун басары Иманкадыр уулу Эрназар компаниядан алган маянасын толугу менен казынага кайтарды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.
Анда айтылгандай, ушул жылдын январынан апрелине чейинки алган маянасы 700 миңден ашуун болгон.
Эске салсак, аталган компаниянын кызматкерлери ири суммадагы маяна алаары коомчулукка дайын болгондон кийин, териштирүү башталып, депутаттык комиссия да түзүлгөн. Компаниянын чуусу Иманкадыр Рысалиевдин өкмөт башчыга бажа болоорун да ачыктаган. Мындан улам компаниянын бардык жетекчилиги, ага удаа "Ачык өкмөттүн" катчылыгынын жетекчилигинде отурган Иманкадыр Рысалиев да кызматы менен кош айтышууга аргасыз болгон.