Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча прокуратуранын кызматкери кармалганы айтылууда. Айрым маалымат каражаттарынын жазганына караганда, кармалган  М.А. аттуу прокурор  2013-жылы адистештирилген  прокурор болгон. 

 

Учурда ал Нарын облустук прокуратурасында иштеп жаткан. Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча М.А.нын баш коргоо чарасы каралып, камакка алуу чечими чыккан. 

 

Эске салсак, Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча кылмыш иши ушул жылы жанданган. Ага катыштыгы бар делген мурунку жана учурдагы аткаминерлер бир ооздон мыйзамдагы уурунун бошотулганын ал Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенден кийин гана угушканын жар салышууда.