«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму 31-майда болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. 

 

 

Эске салсак, 15-майдагы пленардык жыйында депутат Жанар Акаев жана башка бир катар депутаттар  «Кыргызтелеком»  мамлекеттик компаниясына таандык  «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушташкан. Сунуш кабыл алынып, комиссия түзүлгөн.  Курамына КСДП фракциясынан Акаев Жанарбек, Жураев Сайдолимжан, Осмонова Айнура, Кулбараков Абтандил, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Маматалиев Марлен, Зулушев Курманкул, Жеенчороев Мирлан, «Кыргызстан» фракциясынан Баатырбеков Алмаз, Масабиров Таалайбек, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Асылбаева Гүлшат, Жамалдинов Зиядин, «Бир Бол» фракциясынан Жапаров Акылбек, «Ата Мекен» фракциясынан Шыкмаматов Алмамбет кирген.