Ошто мектеп окуучулары мушташкан. Алардын арасындагы 15 жаштагы бала ооруканага жеткирилип, алган жаратынан улам каза болду.
Бул тууралуу аймактык милиция кабарлады.
Маалыматка караганда, каза тапкан С. А., аттуу бала Ош шаарынын «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинде 8-класста окучу. Аны бычактаганга шектелип, 16 жаштагы Д.у Н., кармалды.
Тергөө аныктагандай, окуучулар мектептен келатышып, окуу жайга жакын жайгашкан дүкөн алдында кайым айтышып кетишкен. Шектелип жаткан бала маркумду учтуу нерсе менен сайып жиберген.