Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин каржылык колдоосу менен “Рухэш” интеллектуалдар альянсы тарабынан “Айтматовдун мен окуган чыгармасы” темасында мектеп окуучулары арасында дилбаян жазуу боюнча республикалык таймаш өткөрүлдү.
Өспүрүмдөрдүн көркөм ой толгоо жөндөмүн арттырып, жеткинчек муунду өз эне тилин аздектөөгө чакырган сынакка республиканын бардык аймактарынан 8-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары катышты.
Катышуучулардан жалпы 100гө жакын дилбаян келип түшүп, алардын ичинен сынактын талаптарына ылайык келген 49 дилбаян тандалып алынган. Калыстар тобу тарабынан тандалган дилбаяндардын арасынан эң мыктылары аныкталып, натыйжада 8 жеңүүчүнүн аты аталды.
Эң мыкты делген дилбаяндардын артыкчылыгы автор Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу өзүнүн ой чабытын, ички дүйнөсүн толук ачып бере алгандыгында экени белгиленди.