«Сары-Челек» коругунун түзүлгөнүнө 60 жыл болду. Анда сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрү көп, арасында «Кызыл китепке» киргендери да бар.
Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
Айтымында, коруктун аймагында 1,3 миӊ адам жашаган Аркыт айылы жайгашкан. СССР жоюлгандан кийин жергиликтүү тургундар кароосуз калгандыктан, бак-дарактар кыйылып, корукка мал жайыла баштады.
«Адистердин айтымында, эгерде корукту сактап калалы десек, Аркыт айылын коруктун аймагынан сырткары көчүрүү зарыл. Ал эми айыр тургундары жал сайын туризмден түшкөн 6-7 млн сом каражатты айылды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджетке калтыруу өтүнүчүн билдирүүдө. Эгерде бул маселе чечилсе, алар малдын санын азайтууга даяр. Өкмөт бул маселени иликтеп чыгып, «Сары-Челек» коругун сактапк алуу багытында тийиштүү чараларды көрүшү керек», - деди депутат.