Өткөн жумада ЖК депутаты Каныбек Иманалиев эр ортону 50 жашка толуп, аны юбилейи менен парламент төрагасы Д.Жумабеков куттуктап, башына ак калпак, үстүнө чепкен кийгизип, колуна Ч.Айтматовдун томдорун, грамоталарды тапшырды. Бирок бул жөрөлгө аяктаары менен эле азыр экс-президентти коргоп калган жалгыз аял Ирина Карамушкина парламенттин атынан анын өтүп кеткен юбилейи менен эч ким куттуктабаганын айтып таарынды.

 

Эл өкүлүнүн айтымында, ага деле кыргыз тилиндеги китепти белекке беришиптир, бирок ал аны окуй албагандыктан башка бирөөгө берип койгон экен.

 

- Силер бардыгын дайыма бул жерден куттуктайсыңыр, а менин юбилейим болгондо унутуп каласыңар, бул эмне болгон тандалма мамиле? Ооба, китеп жибергенсиңер. Бирок, мен кыргызча окуй албайм, аны башка бирөөгө бердим,- деди Ирина айым күйөөсүнө таарынган аялдай ыйламсырап.

 

Көрсө, мындан мурда 55 жылдыгы белгиленген Ирина айымга эч ким деле көңүл бурбай, болгону бир гана кыргыз тилиндеги китеп белекке берилип калыптыр.

 

Албетте, кандай болгондо да ЖК төрагасы анын биринчиден, аял экендигин, экинчиден, депутаттык мандатын сыйлап, башына ак элечек, чыптама көйнөк кийгизип койсо же атыр тартууласа болмок экен. Канткен менен аялзаты эмеспи. Айтор, И.Карамушкина жалпы эле эркек-депутаттарга аял катары нааразычылыгын айткансыды...

 

Балким, Ирина айым өзү азыр агымга каршы сүзгөн балыктай болбой, элдин 99%ына жек көрүнгөн “патрону”, экс-президентти жактай бербей, андан сырткары кыргыз элинин эң сыйлуу баш кийими ак калпакты “мончодо кийүүчү баш кийим” дебей, Санкт-Петербургдагы парламенттер аралык жыйында жалпы Кыргызстанды жамандап сүйлөбөсө, өзү күткөндөгүдөн да жогорку сый-урматка ээ болор беле?