Бүгүн, 28-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна Догоев Дастан Давлетовичтин талапкерлиги каралды.
Жыйында Кыргыз өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунушталган талапкер тууралуу маалымат берди.
Жыйын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү сунушталган талапкер мурда иштеген Мамкаттоо кызматынын жетекчилеринин чатактуу колго түшүү иштерине көӊүл бурушту. Д.Догоев бул кылмыш иши боюнча КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине күбө катары чакырылгандыгын айтты.
Депутат Исхак Масалиев Д.Догоевдин мамлекеттик кызматта болгону 3-4 жылдык тажрыйбасы бар экендигине токтолду. «Анын тажрыйбасы бул кызмат ордуна жетиштүүбү, анткени бул кызмат мамлекеттик ишкана эмес, ал бүтүндөй бир тармак?»,- дейт ал. Депутат Алтынбек Сулайманов жаш кадрларды колдоо зарылдыгын белгиледи.
Өлкөнүн Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул тармакта саналуу гана адистер бар.
Талкуунун жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна Дастан Давлетович Догоевдин талапкерлигин жактыруу чечимин кабыл алды.