Москва шаарындагы төрөтканаларга кыргызстандык энелери таштап кеткен 6 айдан 1,5 жашка чейинки алты ымыркай Кыргызстанга кайтарылды.

 

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти. 

 

Балдардын кайтарылышы Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмү жана Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. Кыргызстанга келиши менен кайтарылган балдардын ичинен бир бала тууганчылык байланышы бар үй-бүлөгө жайгаштырылган. Ал эми калган балдар боюнча министрлик тарабынан алардын биологиялык үй-бүлөлөрү менен кайта биригүүсү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.