Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган чыгармаларын басып чыккан жергиликтүү басмаканалардын арасында сот процесси башталганын «Hürriyet» басылмасы жазып чыкты.
Анда айтылгандай, эки басмакана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын автордук укугу талашып жатышат. Жазуучунун чыгармаларын 1991-жылдан 2017-жылга чейин «Ötüken yayıncılık» басмаканасы чыгарып келген. 2017-жылы бул автордук укук «Nora kitap» басмаканасына өткөн. Бирок «Ötüken yayıncılık» басмаканасы Айтматовдун китептерин түрк тилинде басып чыгарууну улантууда. Мындан улам «Nora kitap» 2017-жылы сотко арыз менен кайрылган.
2018-жылды ТҮРКСОЙ эл аралык уюму «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялаган.