«Чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, КР Куралдуу Күчтөрүнүн 27 жылдыгына жана КР Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгына арналган салтанатта.
"Мекенибиз Сиздер коргоп турган чек арадан башталат.
Чек арачы болуу, Ата мекендин сырткы чегин коргоо — өтө татаал, бирок, өзгөчө сыймыктуу миссия.
Өз мекенине берилгендикти, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылат.
Чек арадагы кызматтын басымдуу бөлүгү, географиялык оор шартта, ар кандай сырткы күчтөрдүн деструктивдүү аракеттери такай кайталанып турган заставаларда өтөт.
Мекен чегин жан аябай коргоого даяр болгон инсан гана чек арачы боло алат.
Ушул салтанаттуу датаны белгилеп жатып, чек арачылардын даңазалуу тарыхын катардагы офицерлер жана жоокерлер жаратып жатканын белгилейбиз.
Бүгүн мекен алдындагы өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, баатырларча курман болгон 39 чек арачыны эскеребиз", - деди президент.