Кыргызстандыктар садага-битирди муфтияттын эсебине "РСК-Банктын" терминалдары аркылуу которо алышат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, аталган банк Рамазан айында мусулмандардын садага-битир которуусуна  электрондук система иштеп чыгышкан. Ошондуктан, эми акчаны мечитке алып барып отурбай банктын  банкомат, терминалы жана уюлдук RSK24 банкинги менен которуп койсо болот.  Бул жылы садага-битир бир кишиге 1,6 килограмм буудайдын, ундун, жүзүмдүн, же 3,2 кг курманын баасына тең. Бул 35 сомдон 480 сомго чейин болот.