Карагандада батутта секирип жаткан 11 жаштагы бала анын алдында калып каза тапкан, дагы үч бала жабыркаган.
Караганда облусу боюнча полиция департаментинин маалыматына караганда, үйлөмө батутту мыйзамсыз орноткону жана коопсуздукту камсыздай албаганы үчүн кырсык болуп өткөн аттракциондун ээси камакка алынды. Ал Караганданын 40 жаштагы тургуну экени маалым болду.
25-майда Карагандада катуу шамалдан балдар секирип жаткан батут оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 11 жаштагы бала көз жумган. Дагы үч бала ар кандай жарааттары менен ооруканага жеткирилген.
Бул Казакстандагы батутка байланышкан биринчи кырсык эмес. Өткөн жылы да май айынын башталышында Нур-Султанда шамалга батут ичиндеги балдар менен оодарылып кеткен. Беш бала ооруканага түшкөн. 2017-жылы да батуттун оодарылып кеткенинен төрт бала жабыркаган.