Аскердик милдетин өтөп жүргөндө токко урунуп эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев пенсия жана камсыздандыруу ала албай жатканын "Кылым шамы" укук коргоо борборунун юристтери билдиришти. Алар жоокердин укугун коргоп жатышат. Ошондуктан, КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан жана жоокер кызмат өтөгөн бөлүктөн компенсация төлөп берүүсүн талап кылышкан. 

 

Аталган укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова бул боюнча мындай деди: 

 

"Сот айыпталуучулардын трансформатордун аймагына кирген учурда Руслан Сапарбаев кызуу абалда болгон деген көрсөтмөсүн эске алды. Кылмыш кодексинин жаңы редакциясында ар кандай шек жана күмөн айыпталуучулардын пайдасына чечилет. Ошондуктан, пенсия төлөө жана камсыздандыруу берүүнү токтотушту. Биз жоокердин командирлердин кайдыгерлигинен улам майып болуп калганын белгилеп, 1 миллион 200 миң сом компенсация төлөп берүүсүн талап кылганбыз, бирок сот аны көңүлгө албады. Жоокерге эгер пенсия төлөнчү болсо, ал 1 миң 850 сом болот экен". 

 

Эске салсак, өткөн жылдын август айында Майлуу-Суу шаарында кызмат өтөп жаткан жоокер Руслан Сапарбаев токко урунуп, эки колунан ажыраган.