28-майдан 31-майга чейин "Бишкекжылуулуктармагы" ААКсы жылуулук тармактарынын бекемдигине сыноо жүргүзөт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, сыноо кезектеги жылуулук сезонуна даярдык көрүү алкагында жыл сайын жүргүзүлөт. Анын максаты - жылуулук тармагынын начар аймактарын белгилеп, аны жоюу болуп саналат. Ошол учурда труба өткөргүчтөр жарылып, алардын үстүндөгү жер катмарынан жарака кетиши мүмкүн. Мындан улам компания жарандардан трубалардын жарылганын, же жарака кеткен жерди байкап калышса 61-11-69, 56-85-58 телефон номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.