Бүгүн, 27-майда, Мурашев Нурбек Мурпазылжановичтин отставкасы кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду.

 

Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.