УКМК Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун кабинеттерине тыңшоо койгонун КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.

 

Ал белгилегендей, кабинеттердеги удлинителдерге үн жаздыруучу жабдык орнотулган. Божомолу боюнча, аны УКМК кызматкерлери Атамбаев менен Ниязовдун кабинеттеринде эмнелер болуп жатканын билүү максатында коюшкан. 

 

Турдукулов ал турмак жабдыкты көрсөттү. Бүгүн саат 14.00дө “Форумда” маалымат жыйыны өткөрүлөөрүн, анда бардык маалыматтар ачык берилээрин айтты.