Нурбек Мурашев айыл чарба министрлигинен кетүү боюнча эмнеге арыз жазганынын бир нече себептерин белгиледи.

 

Биринчиден, анын ден соолугунда көйгөй жаралып, кан басымы көтөрүлө баштаган, аны дарылоо керек. Ал үчүн күн сайын 10 чакырым жөө басуу зарыл. А кызматтагы адамга мынча убакыт табуу түйшүк. Эртең менен саат 8.00дө жумушка келип, ошону менен үйүнө түнкү 10.00до кайтчу.  

 

Экинчиден, анын кызматтан кетишин картошка маселесинен улам туура деп табышкан. Бирок, мурдагы министрдин таарынычы жок. Ден соолугун чыңдап алгандан кийин Жалал-Абадка кетип, чарбачылык иштер менен алектенет.

 

Бирок, мурдагы министр таарынычым жок дегени менен көңүл күптүсүн да жашырган жок. Ал үч жыл министр болуп иштегенин, мынча убакыт эч ким чыдабаганын, бир гана ал чыдаганын, анткен менен кылган кызматы бааланбаганын белгиледи.

 

Азырынча  Мурашевдин арызына  өкмөт башчысы тарабынан кол коюла элек.