Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен башчысы Абдыкалык Рустамовго карата нааразылыктар көптөн бери айтылууда. Ал жөнүндө парламентте да маселе көтөрүлгөн. Анткен менен жыйынтык чыга элек.
Бул тууралуу депутат Улукбек Ормонов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
"Рустамовдун иши Коопсуздук кеӊешинде да каралган. Анын катышуусундагы бир топ коррупциялык көмүскө схемалардын бар экени аныкталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген. Агенттиктин башчысынын кылыгына өкмөт башчы качанкыга чейин чыдайт?", - деди депутат.
Айтымында, бир ай мурда вице-спикер Аида Касымалиева Рустамовдун кылыгын өкмөт башчысына жеткирип, "Ушундай жетекчилер иштей берсинби?" - деп да сураган.
"Эсептөө палатасынын текшерүү жыйынтыгында мамлекеттик жана донордук каражаттарды өз багытында пайдаланбаганы, Глобалдык экологиялык фонддун каражатын мыйзамсыз пайдаланганы ашкере болду. Анысы аз келгенсип, өзүнүн шоопурун эл аралык жыйындарга жиберет экен. Штаттан тышкаркы бир кызматкер агенттиктин атынан 7 жолу эл аралык иш-чараларга катышыптыр. Мына ушунун өзү эле анын кандай неме экенинен кабар берип турбайбы», - деди депутат.