Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров аткаруу бийлигине өткөнүнө байланыштуу мандатын тапшырды. Бул тууралуу пленардык жыйында белгилүү болду. 

 

Айтымында, эми ал Улуттук энергохолдингди башкарат. 

 

Аталган мекемени абдан эле көйгөйлүү деп белгилеген Назаров абийирдүү, таза иштөөгө убада берди.