КР Башкы прокуратурасы Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки териштирүү ишин баштады.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов № 24 абагынын жетекчисинин орун басарынын мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди жаза мөөнөтүнүн сегиз жыл, үч ай жана жети күнүн кыскартып, эркиндикке чыгаруу боюнча өтүнүчүн караган.
Судья соттолуучунун оор дартка чалдыкканы тууралуу материалдарды тыкыр иликтебей туруп, өтүнүчтү канааттандырган жана соттолуучуга Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши ушул жылдын январында жанданган.