УКМКнын ыкчам кызматкерлери билим берүү Борборунун кызматкерин акча талап кылуу боюнча кармашты. Бул тууралуу коопсуздук комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-майда ыкчам-иликтөө иш чарасынын негизинде, Бишкектин Октябрь районунун билим берүү Борборунун жооптуу кызматкери Г.З. 15 миң сом пара алып жатканда колго түшкөн.
Ал боло турчу тендерди каржылоо алкагында подрядчы-фирманын өкүлүнөн маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап, акча талап кылган. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилди.