Өкмөт башчы Абылгазиевдин кызы Саадат чындап эле Америкада билим алып жатканын өкмөт аппараты маалымдады. Эске салсак, буга дейре Саадаттын Бишкектеги “Ала Тоо” эл аралык университетинде окуй турганын жарыялашкан.
Аны аппарат “катачылык” катары белгиледи:
“Маалымат кызматы Абылгазиевдин кичүү кызынын окуган жерин жазууда ката кетириптир. Саадат чыгармачылыкка жакын болгондуктан, Бишкек гуманитардык университетинин Европалык цивилизация факультетин аяктап, ушул жылдын башында америкалык коллежке, “санарип медиа-искусство” адистиги боюнча тапшырган. Ал анимация менен алектенет”, - деп жазган аппарат.
Ошондой эле өкмөттүн маалымат кызматы өкмөт башчынын ачык позициясын анын жакындарына жана балдарына колдонуп, кыянаттык менен пайдаланууга болбостугун белгилеген. Ар бир адамдын жеке жашоосунуна кол тийбестигине укугу бардыгын эскертишкен.
Премьер-министрдин кызы Саадат Дүйшекеева Diablo Valley College америкалык коллежинде билим алаары жана бул билим мекемесиндеги бир жылдык акы 23 миң доллардан ашаары коомчулукта айтылып жатат.