Эксперттер, экономисттер жана ишкерлер 20-майда жыйынга чогулушуп, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү боюнча көз караштарын бөлүшүштү.
Талкуунун жүрүшүндө өкмөт өкүлдөрүнүн ишине баа берилди. Алар айыл чарба, мелиорация жана азык өндүрүшү министри Нурбек Мурашевди эң натыйжасыз министр деп таап, "Кара көлөч" статуэткасын ыроолошту.
Ал министр "сыйлык" дагы деле дарегине жете электигин айтууда.
Эске салсак, аталган министрлик өткөн жылы дыйкандарды картошка айдоого чакырган. Бирок, күзүндө картошканын 1 кгсы 5 сом болуп калган. Министрлик картошка кымбаттай турган учурда күткүлө дегени менен кымбаттоо болгон эмес, ал арада дыйкандардын товары чирип баштаган.