Афганистан кыргыз улутундагы жарандары Улуу жана Кичүү Памирде жашай беришин каалайт. Анткени, алар мамлекеттик чегараны кайтарышат.
Бул тууралуу ТИМ өкүлү Алмаз Асанбаев тегерек столдо кеп кылды.
"Памирлик кыргыздар Афганистандын мамлекеттик чегарасын кайтарышат. Бул жана башка себептерден улам өкмөт Памирдеги кыргыздардын эч кайда кетпей жашашына кызыкдар. Бирок, силер эркин болушуңар керек", - деди өкүл памирлик кыргыздарга кайрылып.
Памирлик кыргыздар Кыргызстандан кетүүнү каалашпаганын жана Афганистандагы туугандары да көчүп келүүгө ниеттенип жатышканын билдиришти.