Памирлик кыргыздарды Нарынга балдардын билим алуусуна ыңгайлуу лицейлер болгону үчүн алып барышкан. КР ТИМ өкүлү Алмаз Асанбаевдин айтымында, 2017-жылы памирлик кыргыздардын балдарын Кыргызстанга билим берүү үчүн алып келүү чечими кабыл алынган.
"Балдарды коштоп келген ата-энелерге кайрылман статусу берилген. Ал статус менен ишке орношуп, пенсия, пособие алууга болот. Ал турмак Кыргызстандын жарандыгын алуу да мүмкүн", - деди ал.
Ошондо эле ТИМ өкүлү алардын Кыргызстанда калуу чечими колдоого татыктуу экенин белгиледи:
"Биз сиздерди биринчи келгениңиздерде эле Чоң- Алайга отурукташтырсак болмок. Бирок, Нарында балдарыңыздарды окутуучу лицей, билим мекемелери болгондуктан ал жакты тандаганбыз. Эгер Кыргызстанда калууну кааласаңыздар, анда Алайга көчүрүү маселесин карайбыз", - деди өкүл.
Белгилей кетсек, учурда Нарында 11 памирлик үй-бүлө жашаса, алардын ону шаарда, бирөөсү Ат-Башы районунда. Баары тең пенсия, пособие алышат жана алар ижарага алган үйлөрдүн ижара акысы төлөнөт.