Нарын облусунда көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар бийликке кайрылышты. Алар өз тиричиликтерин кылууга үй жана жер керектигин белгилешти. 

 

Алар бул тууралуу мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү менен жолугушканда билдиришти. Памирлик кыргыздар кыргыз жерине көнүп калышканын, кичүү балдары мектепте билим алышып, мектепти аяктаган эки бала жогорку окуу жайынан билимдерин улантып жатышканын айтышты. 

 

Ошондой эле алар жардам берип жаткан бийлик өкүлдөрүнө, жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдиришти. 

 

"Бирок, биз тиричилигибизди өз алдыбызча жасагыбыз келет. Ал үчүн жер тилкелери жана үй керек. Баарыбыз чогуу жашап, мал жандыктарды кезектешип карамакпыз. Кайра кеткибиз келбейт, Кыргызстанда калабыз", - дешти алар. 

 

Айтымдарында, өткөн жылы 18 памирлик кыргыз Афганистанга кайтып кетишип, ошону менен келе албай калышкан. Виза ачтыруудагы кыйынчылык алардын Афганистанда калган туугандары менен байланыштарын кыйындатууда.