Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде процесс уланууда. Судья - Инара Гилязетдинова.
Айыпталуучу Айбек Калиев кылмыш ишинде бир катар тийиштүү документтер жоктугун билдирди. Айтымында, TBEA менен келишим, энергодолбоорлор жетишпейт. Ал бул жетишпестикти кылмыш ишине киргизип коюуну суранды.
Ошондой эле ал соттон кошумча күбөлөрдү каттоону жана видео-аудио жаздырууларды жүргүзүүгө уруксат берүүнү өтүндү.
Эске салсак, ЖЭБ боюнча Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана Айбек Калиевдер айыпталууда. Алар учурда УКМКнын абагында кармалып жатышат. Дагы бир айыпталуучу Ольга Лаврова үй камагына чыгарылган.