Мегакомдун директору Акылбек Жамангуловго премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин коркутуп-үркүтүп жатканы тууралуу ачык айткандан кийин куугунтук башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар билдирди.
Анда белгилүү болгондой, Акылбек Жамангуловдун жана анын туугандарынын иштерине текшерүү жүрүп, басмырлоо болууда. Укук коргоо кызматтары директордун бизнесин да текшерип жатат.
Депутат Жанар Акаев Акылбек Жамангуловдун коррупциялык схеманы ачыктаганын белгиледи.
"Мындай адамдарга куугунтук болбошу керек. Финполицияга жана ИИМге жасалма маалыматтарды чогултпагыла деп айтуу керек. Алгач депутаттык комиссия өз ишин аяктап, корутунду чыгарсын", - деди Жанар Акаев.
Депутат Кенжебек Бокоев да анын айтканына кошулду.
"Кыргызстан бүгүнкү күндө темир тор артына кетүү кезеги кимде деген суроо менен жашап калды. Укук коргоо кызматтары мыйзамдан аттап өтпөшү керек", - деди Бокоев.
Депутат Зиядин Жамалдинов болсо Акылбек Жамангуловго куугунтук маселесин парламент көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи. Депутатык комиссия так ушул иш үчүн түзүлгөнүн да эске салды.
Жогорку Кеңеште Мегакомдун директору Акылбек Жамангулов ага премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуу болгонун айткан. Бул иш "КТ Мобайл" компаниясы тууралуу текшерүүлөрдөн улам ачыкка чыккан.