Депутат Ирина Карамушкина бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында туулган күнү менен куттуктабай койгон парламенттештерине нааразы болуп алды.
Спикер Дастанбек Жумабеков депутат Каныбек Иманалиевдин юбилейи менен куттуктады. А бирок, Карамушкинанын туулган күнүндө үн катпаган экен. Мындан улам эл өкүлү таарынычын билдирди.
"Мен 55 жашка чыкканымда, юбилейим менен эч ким куттуктаган эмес. Мен ыза болуп жатам. Дастанбек Жумабекович мага кыргыз тилиндеги китеп белек кылган. Жакшы китеп экен, мен аны мектепке өткөрүп бердим. Бирок, пленардык жыйында эч ким мени куттуктаган жок. Бул кайдыгерликпи, же Карамушкина силерге ыңгайсыз болуп атабы?" - деди депутат айым.