Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн аппарат башчысы Шамил Асымбековду жана анын орун басары Мурат Мукамбетовду кызматынан бошотту. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Асымбековду президент Сооронбай Жээнбековдун көрсөтмөсүнүн негизинде кызматтан алган.
Ошондой эле, Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетовду да кызматтан бошотту. Мындай чечимге анын «КТ Мобайл» ишканасын түзүүгө жана «Ачык өкмөт» улуттук форумуна байланыштуу акыркы окуялар себеп болгон.
Булак: "Марал"