Жалал-Абаддагы ооруканада оор абалда жаткан 2 жаштагы кыз чарчап калганын маалымат каражаттары жазышууда. 

 

Маалыматка караганда, наристе, кечээ саат 16:20 чамасында чарчап калган. Облустук балдар ооруканасынын балдар дарыгери Бахадыр Муратовдун айтымында, наристенин сөөгүн туугандары алып кетишти. 

 

 

Эске салсак,  7-майда  Сузак районундагы айылдардын биринде 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Факты боюнча  Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Кыздын апасы балдары өгөй энесине калтырып Россияга иштегени кеткени белгилүү болгон.