Бул жөнүндө ал өзү кабарчыбызга  ырастап, тергөөчүлөр аны эки саат сурашкандыгын кошумчалады.

 

- Биринчи жолу беш саат сурак берген элем. Мен ошогездеги Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Президенттик аппараттын ошогездеги коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев жөнүндө дагы айттым. Жаңы фигуралар чыгып жатпайбы. Бул ишке экс-президент Алмазбек Атамбаев баштап түздөн-түз катыштыгы бар экендигин, алар мага кандайча кайрылганы боюнча дагы ачыкка чыгарып жатам, - деди Экс-Акыйкатчы Турсунбек Акун.

 

Баса, абдан оор кылмыштары үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелинде «Айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке түз жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте дагы кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Турсунбек Акун ошол кезде Акыйкатчы эле. Буга дейре ал Азиз Батукаевге дарыгерлер койгон диагнозго ишенип, анын таламын талашканына өкүнөөрүн билдирген. Мындай пикирин ал "Азаттык" үналгысынын "Арай көз чарай" талкуусуна катышканда дагы айткан. 

 

Жакында кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана беш дарыгер камалган. Эки дарыгер кайрадан үй камагына бошотулган.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы