Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев элчи Пьер фон Арксга “Ачык өкмөттүн” катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиевди кызматтан алуу боюнча кайрылгандан кийин ЕККУнун программалык офиси билдирүү жасады.

 

 “ЕККУ  “Ачык өкмөттү” мамлекеттик органдардын калк менен иштөөдөгү, мамлекеттин натыйжалуулугун жогорулатуудагы, коррупцияны токтотуудагы мыкты куралы деп эсептейт. Мурдагы өкмөттүн кайрылуусу менен “Ачык өкмөттү” колдооого алган жана азыркы өкмөткө да колдоо көрсөтүүсүн улантууда, анткени ал Кыргызстандын жана анын жарандарынын кызыкчылыгына иштейт.

 

 Премьер-министрдин кайрылуусуна байланыштуу элчи Пьер фон Аркс  катчылыктын башчылыгына талпкерди улуттук форум тандашын сунуштайт.

 

Пьер фон Аркс бул Кыргызстандын жеке чечими экенин жана ЕККУда процедурага аралашууга укук жоктугун белгилейт”, - деп жазылган ЕККУнун программалык офиси жарыялаган билдирүүдө.

 

 Иманкадыр Рысалиев “КТ-Мобайл” компаниясына байланышкан ызы-чууда башкы ролду ойноду. Аталган компания ишке кире электе эле жетекчилиги ири суммадагы айлык акыны бюджеттин эсебинен алып жатканы белгилүү болгон. Жетекчиликтин катарында Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу да бардыгы, Рысалиевдин премьер-министр Абылгазиевдин бажасы экени коомчулукка чыккан. Компаниянын ишмердүүлүгүн иликтөөгө депутаттык комиссия түзүлдү.

 

 Премьер-министр ЕККУга кайрылып, Рысалиевди ээлеген кызматынан бошотууну суранган. Ага удаа Рысалиев өзү кетүүгө арызын жазды.