Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун  кайра кызматка кайтып баруу ниети жок. Бул тууралуу анын адвокаты Татьяна Карыжинская билдирди.

 

Ал айткандай, Матраимов өкмөттүн чечими кызматына кайтып баруу үчүн эмес, акыйкатты орнотуу үчүн сотко берген.

 

Адвокат Бишкек шаардык сотунун жана Биринчи май райондук сотунун Раимбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына кайра дайындоо боюнча чечимин Жогору сот да колдогонун белгилеп, бирок арыз ээси кызматка кайтып барууга каалоосу жоктугун билдирди.

 

Эске салсак, Матраимов ээлеген кызматынан Сапар Исаков өкмөт башчылыгында турган кезде бошотулган. Бир канча убакыттан кийин ал кызматтан мыйзамыз алган өкмөттү сотко берген. Бир жарым жылдан кийин сот анын арызын канааттандырган чечим кабыл алган.  

 .